10.09.2019 0 402

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Комуз күнүн өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу  максатында 2019-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарынын ар бир билим берүү уюмдарында  комуз күүсү жаңырып турду жана комуз күнү жөнүндө класстык сааттар өтүлдү.

Свердлов районунун Билим берүү борбору Опера жана балет театрынын алдында 130 окуучу жана билим берүү уюмдарынын мамлекеттик тил адистеринин катышуусунда комуз күнүн белгиледи. Бул иш-чарага Свердлов районунун муниципалдык администрациясынан, Бишкек шаарынын мэриясынан, Билим берүү башкармалыгынан өкүлдөр келип катышышты.

Биринчи май району К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында илимий конференция өткөрүштү. Бул иш-чарага атактуу комузчулар, маданий ишмерлер, жети областтын комузчу окуучулары катышты. Ушул иш-чаранын катышуучулары Т.Сатылгановдун айкелине гүлдестелерди коюп, анын күүлөрүн массалык түрдө чертишти. Иш-чарага  №69 МГнын 500 комузчу-окуучусу катышып комуз чертишти.

Ленин районунда  №2 орто мектебинде 100 окуучунун катышуусунда комуз күүлөрү ойнолду. Бул иш-чарага Ленин районунун муниципалдык администрациясынын өкүлдөрү жана белгилүү комузчу акындар катышышты.

 

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий