Билим берүү мекемесинде долбоордук ишмердүүлүк аркылуу окуу- тарбия иштерин уюштуруу

15.11.2019 0 457

12-ноябрында шаардын мектептеринин жаш директорлору үчүн “ Билим берүү мекемесинде долбоордук ишмердүүлүк аркылуу окуу- тарбия иштерин уюштуруу“ деген темада Т.Сатылганов атындагы №69 окуу- тарбия комплекс – гимназиясында семинар болуп өттү.
1. Семинар өзүнүн ишин эстетикалык ийримдердин иши аркылуу таанышуу менен баштады. Семинарга келген жаш мектеп директорлоруна бий ийриминин жетекчиси көптөгөн кароо-сынактардын лауреаты Э. Керимбаевдин окуучуларынын аткаруусунда “ Мурас “ бийин , Н. Токсонбаеванын жетекчилиги астында бир нече аспаптардын куралган фольклордук ансамблинин аткаруусунда “ Эргиме” күүсүн , “ Кербез” комузчулар ансамблинин аткаруусунда “ Эмгек маршы” күүсүн жетекчиси Э.Чынгышева , чопо чоор ансамблинин аткаруусунда “ Апакем” күүсүн жетекчиси Шаршенбек кызы Мадина , дастан ийрими Чолпонбек уулу Адилеттин жетекчилиги менен “ Ала -Тоо көркө келбейт, эл болбосо” чыгармасын аткарышты. Бул “Салттуу музыка” долбоорунун негизинде “ Устатшакирт” борборунун кызматташтыгы менен жаралган ишмердүүлүктү көрүштү. Окуу процессиндеги ишмердүүлүктөгү алып барылып жаткан долбоорлордун натыйжалары жөнүндө да семинардын катышуучулары таанышышты. А.З.Рыскелдиева чет тилдер боюнча директордун орун басары кытай тилин окутуу боюнча Конфуций класстары жана алардын жетишкендиктери боюнча кызыктуу маалымат берди . Кытай тили лингафондук кабинетинде кытай тили мугалими Кыдырбек кызы Айгерим жана волонтер Лан Линг тандем сабак өтүштү. Окуучулардын билим сапатын жогорулатууда тест борборунун иши жөнүндө жана көз карандысыз мекемелер менен тыгыз иш алып баруудагы жетишкендиктери жөнүндө окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басары Р.А. Мырзаева маалымат берди. Семинардын катышуучулары GIZ Германия коомунун эл аралык кызматташтыгы “ Окуучулардын профориентациясы “ долбоору боюнча окуп жаткан 9 –класстардын кесипти тандоо сабагын улуттук тренер К.М. Оморова өттү.
Немец тилин окутуу боюнча маалыматы немец тили бирикмесинин жетекчиси С.А. Абдыкеримова кенен айтып берди жана волонтер Каролина Мюллер менен тандем сабак өттү. Усупбай уулу Кенжекул кыргыз тили жана адабияты мугалими окуучулары менен кыргыз тили жана элибиздин уулу жазуучусу Чынгыз Айтматов жөнүндө ырларын көркөм окуп беришти . Аны улантып Чынгыз Айтматовтун чыгармалары боюнча композициясын “Актерлук чеберчилик “ драм ийриминин окуучулары аткарып , өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул ийримдин жетекчилери Э. Ж. Джарашов , О. Ж.Бостонов иш алып барышат.
“ Билим берүү мекемесинин шарттарын жакшыртууга өбөлгө болгон шериктеш долбоорлор “ деген темада Т.Сатылганов атындагы № 69 окуу –тарбия комплекс –гимназиясынын директору Атаева Сайрагул Токтосуновна кенен маалымат берди. Ошондой эле “ Коопсуз мектеп” долбоору боюнча мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Р.К. Байшериева — бул долбоордун практикада жүрүшү боюнча толук маалымат берди жана көрсөттү.

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий