Бишкек шаарындагы МЧББУлардын жана АМЧББУлардын жайкы ден-соолукту чыңдоо мезгилиндеги иш-чаралары

18.06.2019 0 511

      Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын 28.05.2019-жылдагы № 243 буйругунун негизинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарында  тематикалык текшерүү жүзөгө ашырылды.

Октябрь районуна караштуу № 44,9,109,138,148,85,104 МЧББУлардын жайкы ден-соолукту чыңдоо мезгилине натыйжалуу даярдыгы байкалды

РайондорМЧББУладын жана АМЧББУлардын саныКубаттуулугуТоптордун саныБалдардын саныБүтүрүүчүлөрдүн саны
Долбоор боюнчаФакт боюнчаТизме боюнча  Факт боюнча
1Биринчи май162185848451751798921
2Свердлов172895127129759627031479
3Ленин182455102103701320431551
4Октябрь3566852862851238344412172
 Баардыгы861422059960132167108956123

Система боюнча Бишкек шарында 86 МЧББУ жана АМЧББУлар иштеп жатышат.

Жылдын аягына тизме боюнча -32167 бала бар, мектепке -6213 бала жиберилди.

Июнь айынын биринчи декадасында МЧББУ жана АМЧББУларда  -10895 бала бар. Ата-энелердин жайкы эмгек өргүүлөрүнө, бала бакчадагы оңдоп түздөө иштери жана балдардын мектепке кетүүсүнө байланыштуу балдардын бала бакчага келүүсү үч эсеге азайды.

МЧББУлардагы жана АМЧББУлардагы жайкы ден-соолукту чыңдоо мезгили балдардын ден-соолугун жана өмүрүн коргоо,  ден-соолукту чыңдоочу ар кандай иш-чараларды уюштуруу, кокустуктун жана оорулардын алдын алуу боюнча бекитилген планга ылайык уюштурулду.

 

Жайкы ден-соолукту чыңдоо мезгилинин негизги максаттары:

-ден-соолукту чыңдоого багытталган жана адеп-ахлактык тарбиялоо, ышкыбоздук жана таанып-билүү активдүүлүгүн өнүктүрүү, маданий-гигиеналык жана эмгектик көндүмдөрдү калыптандыруу иш-чараларын ишке ашыруу;

— участкадагы балдардын өз алдынча, чыгармачылык иши үчүн балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылуучу шарттарды түзүү;

— жай мезгилинде балдарды тарбиялоо жана ден соолугун чыңдоо маселелери боюнча ата-энелерди педагогикалык жана социалдык жактан агартуу ишке ашыруу.

Жайкы мезгилдеги иштин артыкчылыктуу багыттары:

-дене тарбия — ден соолукту чыңдоо иштери;                                                                  -баланын дене түзүлүшүн чыңдоо,                                                                          -маданий-эс алуу иши

Убакыттын негизги бөлүгүн балдар таза абада өткөрүшөт.

Балдарды кабыл алуу, гимнастика, оюн иш-аракеттери жана башка иш-чаралар таза абада уюштурулат.

Басым балдардын жигердүүлүгүн жогорулатууга кыймылдуу оюндар, ден-соолукту чыңдоо, спорттук оюн-зооктор, экскурсиялар, эшикке алып чыгуучу оюнчуктар аркылуу ишке ашат.

Балдар кызыгуу менен гүл бакчасында иштеп, жер-жемиш, сюжеттик-ролдук оюндарга, кум жана суу оюндары менен бирге, уюшкан театр оюндарына күбө болушат.

Балдарды кабыл алуу эртең менен оюн аянтчасында жүргүзүлөт. Дидактикалык, кыймылдуу , спорттук оюндар уюштурулуп, балдардын ден-соолугун чыңдоо үчүн жакшы шарттар түзүлгөн.

Жайкы ден-соолукту чыңдоо мезгилинде ата-энелер үчүн балдардын жайкы эс алуусу боюнча кеңештер уюштурулду.

Ата-энелер МЧББУнун оюн аянтчасын  көрктөндүрүү боюнча ишке тартылышты.

Ата-энелер балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча ар кандай иш чараларга активдүү катышышты.

Ден-соолукту чыңдоо иш-чараларына суу ваннасы, жылаңайлак басуу, кум жана суу менен ойноп, бассейнде сүзүү негизделди

Жай мезгилинде суу ичүү режими сакталды.

Күн аралыгында балдардын туура эс алуусун  уюштуруу жана ойнотуу үчүн иштин түрлөрүн мезгилде кезектешилип өткөрүлүп жатты.

Бардык МЧББУлар жана АМЧББУларда жайкы ден-соолукту чыңдоо мезгилине иш-чаралар пландоо аркылуу ишке ашырылды (оңдоп түздөө иштери боюнча жабылган бала бакчалардан сырткары).

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий