Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдери жана окуучулары үчүн Каржылык сабаттуулук боюнча 2 күндүк тренингдин өткөрүлүшү
2019-ж. 14-15-мартында Өнүктүрүү саясат институту тарабынан «Дос-Кредобанктын» базасында Каржылык сабаттуулук боюнча 2 күндүк тренинг болду. Ага № 3,21,59,83,77 жалпы орто билим берүү мектептеринен 5 команда 25 адам (ар бир мектептен 8-11 класстарынан 4төн окуучу жана 1 мугалим) катышышты.
Тренинг жогорку денгээлде: ар бир команданын өз мектептеринде иш алып барууга багытталган, үйрөтүүчү, оюн, дискуссия сыяктуу ыкмаларды колдонуу менен өттү.
Тренингдин жыйынтыгы менен ар бир команда өз мектептеринде тренингдерди өткөрүшөт. Аткарылган тапшырмалардын жыйынтыгы менен жеӊүүчүлөр аныкталып, иш чараны уюштуруучулардан баалуу белек жана тренингге катышкандыктары үчүн сертификат алышат.
Комментарии