Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү мекемелериндеги, тамак-ашты уюштуруу боюнча иштери

03.10.2019 0 384

Бишкек шаарында сапаттуу балансталган тамактандырууну камсыздоо жолу менен мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, шаардын мектептеринде окуган окуучуларды тамактандырууну оптималдуу, экономикалык натыйжалуу уюштуруу тутумун түзүү максатында Бишкек шаардык кеңештин 2015 жылдын 20 майында №129 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын Билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашын уюштуруу тууралуу Жобо кабыл алынган.
Бишкек шаарынын мэриясы бекитилген Жобого ылайык Билим берүү уюмдарында балдарды тамактандырууну уюштуруу боюнча милдеттерин Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөгөн.
Муниципалдык жалпы Билим берүүчү уюмдарынын окуучуларынын тамак-ашын уюштурууну жакшыртуу максатында жана Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 27-июнундагы №111 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептериндеги тамак-ашты уюштуруу жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №673 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө» токтомуна, Бишкек шаардык кеңештин 2019-жылдын 19-мартындагы №93 «2016-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы №129 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашын уюштуруу тууралуу Жобосуна ылайык: Бишкек шаарынын мэриясынын 2016 жылдын 10 августундагы №236-б Буйругуна ылайык, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 673 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө» жобо менен белгиленген стандарт боюнча Билим берүүчү уюмдардагы баштапкы класстын окуучуларына (1-4-класс), ошондой эле аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына – 5-7-класстын окуучуларына 2019-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин шаардык бюджеттин каражатынын эсебинен каржылануучу, күнүнө ар бир окуучуга 14 сом эсебинен тамактанууга карата белгиленген ченемге ылайык, мектептин ашканаларында экинчи таңкы тамакка өтүү тартибин ишке ашырууда.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын метептеринде күнүнө ар бир окуучуга14 сомго ысык тамак берилүүдө, анын ичинен 1-4 класстын окуучулары 69380, 5-7 класстын окуучулары 3230, №1 жана №71 мектеп интернаттарында 674 окуучу күнүнө 110 сомдон тамактанууда. Бала бакчаларда ар бир балага 60 сом акча кражаты каралган, жарымын ата энелер төлөйт. Бишкек шаары боюнча бала бакчаларда 22115 бала тамак-аш менен камсыз болууда.
Бишкек шаарынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен макулдашылган, окуучулар үчүн жыйырма күндүк перспективдүү меню (ар кандай сүт менен жалган ботколор, күрүчтөн жаслаган аш, буурчактан жасалган шорпо эт менен, рагу ж.д.б, ордун алмаштыруучу тамак-аш) бекитилген.
Ата-энелер коому менен окуучулардын балансталган, сапаттуу тамак-ашын уюштуруу жөнүндө туруктуу негизде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Билим берүү уюмдардын тамак-ашын уюштуруу өз убагында, толук каржыланууда.

https://www.youtube.com/watch?v=4cUKko-23-k&feature=youtu.be

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий