Физика, математика жана информатика предметтеринен өткөрүлгөн «Акылман » интеллектуалдык марафону

23.03.2019 0 640

Физика, математика жана информатика предметтеринен  өткөрүлгөн                                                          «Акылман »    интеллектуалдык марафону

19-март 2019ж. Бишкек шаарындагы  Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында физика, математика жана информатика предметтеринен кыргыз  мектептеринин арасында  «Акылман»   интеллектуадык марафону болуп өттү.

Марафонго:  1 Май  районунун   №69  окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын  «Галилей »,   №68  окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын «Galaху»,  Октябрь районунун   №64  мектеп-гимназиясынын «МИФ»,  №67  окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын «Алгоритм» командалары катышты. Тапшырмалар төрт категориядан туруп, математика, физика, информатика предметтери боюнча турмуштан алынган ар түрдүү суроолордон  түзүлгөн.  Ар бир команда өздөрүнүн аттары боюнча презентацияларын  жакташып,   берилген суроолорго абдан жакшы даярдыктар менен жооп беришти. Сынактын  жыйынтыгында 88 балл менен «Галилей» командасы 1-орун, «Galaху» командасы.   2-орун  84 балл, «Алгоритм» командасы 3-орун 67 балл, «МИФ» командасы, 44-баллга ээ болушту.  Интеллектуалдык марафондун жүрүшүндө мкгалимдер педагогикалык устаттыгын өстүрүү   менен  марафон өкөрүү боюнча тажрыйбаларын жогорулатышты.

Марафонго бардыгы  64  мугалим катышты.

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий