Күн тартибинде эки маселе каралды: COVID-19 жайылуусунун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритминин сакталышын камсыз кылуу жана билим берүү процессин пландаштыруу.
COVID-19 пандемиясынын шарттарын милдеттүү түрдө сактоону жана билим берүү уюмдарында окуучулардын жыштыгын эске алуу менен, мектептерди кайрадан ачуу мүмкүнчүлүгүн талкууладык. Варианттардын бири: 1, 5, 9 жана 11-класстар үчүн оффлайн окутууну баштоо, ар бир класс эки топко бөлүнөт, ар бир топ жумасына 3 жолу окутулат. Бирок дене тарбия, музыка, технология жана аскерге чакыруу алдындагы даярдык сабактары онлайн режиминде ишемби күндөрү өткөрүлөт.
Бул учурда ар бир мектепте бардык санитардык нормалар так сакталат: киргизүү чыпкаларын милдеттүү түрдө орнотуу, класстарды, жайларды системалуу түрдө желдетип туруу, маска режимин сактоо жана ар бир баланын, мугалимдин ден-соолугуна байланыштуу журналды жүргүзүү.
Билим берүү башкармалыгы шаардык штабга, комиссияларга маселени андан ары карап чыгуу боюнча сунуш киргизет.
Комментарии