МЧББУдагы бала бакча менен коштошуу утренниги
Салтка айланган бала бакча менен коштошуу утренниктери бардык МЧББУ жана АМЧББУларда өткөрүлдү.
МЧББУ жана АМЧББУлардан -6123 бала мектепке жиберилди.
МЧББУдагы кызматкерлер жана музыкалык жетекчи үчүн эң түйшүктүү майрам – бул бала бакча менен коштошуу утренниги болуп эсептелет. Утренникке даярдануу жылдын башында сентябрь айынан бери башталат, жылдын аягында кандай жыйынтык болот педагогдордон гана көз каранды эмес, бул майрамга балдардын жана ата-энелердин да кошкон салымы болот.
Мектепке чейинки билим берүү уюмундагы коштошуу балы
Максаты: балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмунан алган билимдерин жана жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүү.
Максаттар:
- Ырдын мүнөзүн жана маанайын түшүнүү, көркөм жана сезимдерди көрсөтүп ырдап балдардын жөндөмүн өнүктүрүү.
- Ырга болгон кызыкчылыктын ар кандай түрлөрүнө тарбиялоо.
- Балдардын вокалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү.
- Аудитория алдына чыгууга психологиялык даярдык.
Бала бакча менен коштошуу утреннигине аталар, апалар, чоң аталар, чоң апалар активдүү катышып келе жатышат. Балдар кызыгуу менен ар кандай сынактарга, оюндарга катышып жатышат. Өзгөчө балдар ата-энелер уюштурган сюрприздик учурларды жактырышат.
Оюндар жана бийлер – коштошуу утреннигиндеги негиз болуп эсептелинет.
Балдар үчүн белектер дагы унутулбайт, кичинекей болсо дагы балдардын маанайын көтөрүү алардын ыраазычылык сезимин жаратат.
МЧББУларда жана АМЧББУларда бала бакча менен коштошуу утренниктери бардык катышуучулар үчүн көп ырахат тартуулайт.
Комментарии