Проведен мониторинг и контроль организации школьного питания
Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 14-февралындагы №27/2 буйругун аткаруу максатында жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын 2019-жылдын 31-январындагы иш-чаралар планын аткаруу менен, февраль айында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын тамак-ашты көзөмөлдөө жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү, Бишкек шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы № 129 “Бишкек шаардык жалпы билим берүү уюмдарындагы балдардын тамак-ашын уюштуруу тууралуу” токтомун аткаруу максатында, Бишкек шаарындагы төмөнкү жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамак-ашын уюштуруу боюнча мониторинг жана көзөмөлдөө жүргүзүлгөн:
Ленин РБББ — № 8 ОМ, № 7 ОМ,СОШ № 55, № 84 ОМ,№ 77 ОМ, № 79 ОМ, № 95 МГ, № 25 МГ, СОШ № 47; (9)
Биринчи май РБББ – СОШ № 18, СШ- № 81,СОШ 86, ШГ № 24, ШГ № 27, ШГ№70; (6)
Свердлов РБББ — № 33 МГ, № 32 ОМ, № 23 МГ,№ 45 ОМ; (4)
Октябрь РБББ — ГК № 26, № 60 ОМ, 88 ОМ, №62 ОМ, №63 ОМ; (5)
Комиссиянын курамы:
— Мусаева Н.М. – КР ББжИМ башкы адиси
— Абирова Ж.Т. – Бишке шаардык мэриясынын башкы адиси
— Байгулов Н. О.- Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын тамак-ашты уюштурууну көзөмөлдөө жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы
— Укуев А.К. – Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын тамак-ашты уюштурууну көзөмөлдөө жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
— Бородина Л. П.- Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын тамак-ашты уюштурууну көзөмөлдөө жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн адиси;
— Манапова Э. Н.- Бишкек шаардык ата-энелер коомунун өкүлү;
Жалпы билим берүү уюмдарындагы тамак ашты уюштуруунун мониторингинин жана көзөмөлүнүн негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
- Жалпы билим берүү уюмдарынын балдардын тамак-аш ичүүсүн эсепке алуу жана иш жүзүндө сабакка катышуусу тууралуу журналын жүргүзүү боюнча иштерин уюштуруу жана башкаруу
- Тамак-ашты уюштуруу тууралуу ата-энелерди кабарландыруу (буйруктар, протоколдор, актылар, стенддер );
- Тамак-ашты уюштуруу графиги;
- Азыктарды жыйнаштыруу жана сактоо;
- Азык-түлүктөрдүн керектүү ассортиментинин тизмеси;
- Азык-түлүктөрдүн сапаты (тастыктамалар, сапат жана шайкештик декларациясы ж.б.)
- Азык-түлүктөрдү сактоо шарты (атайын бөлмөлөр, кампалар, муздаткычтар ж.б.), санитардык-гигиеналык абалы, товардык жакындаштык, тазалоочу каражаттардын болушу, хлордоо ж.б.
- Балдардын тамак-ашын кабыл алуучу бөлмөлөрдүн абалынын санитардык-гигиеналык нормаларын аткаруу, кол жуу үчүн чөгөлөр, жасалгалоо эстетикасы, балдарды тамак ичүү эрежелерин сактоого көндүрүү;
- Ашкана жабдууларынын абалы, керектүү идиш-аяктардын жетиштиги;
- Тамак-ашты уюштуруу боюнча документештирүүнү жүргүзүү (келгендиги тууралуу журналы, даяр азыктарды баалоо журналы, чийки азыктарды баалоо журналы, ден-соолук журналы, витаминдештирүү журналы);
- Бишкек шарынын МСЭКБ менен макулдашылган жана бекитилген менюдагы тамактардын ассортиментин сактоо.
Комментарии