Шаардык мектептердин мугалимдери республикалык “Ден соолук”Спартакиадасынан байгелүү орундарды алып келишти
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Аймактарды өнүктүрүү жана өлөкнү санариптештирүү жылына” карата 2019-жылдын 30-майындагы №652/1 « Ден соолук спартакиадасын өткөрүү жөнүндө” буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын кызматкерлери арасында 26-июндан 2-июлга чейин өткөрүлдү. Спартакиада Ысык-Көл областынын Бостери айылындагы «Кыргызское взморье» пансионатынын базасында өткөрүлдү. Спартакиадага катышуучулардын жалпы саны 2000 киши болду. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы шаар мектептеринен 50 мугалимди катыштырды. Бишкек шаарынын командасын №28 мектеп-гимназиясынын дене тарбия мугалими Токтогулов Дамир Мойдинович жетектеп барды. Спартакиадалык мелдеште Бишкектин командасы волейбол жана мини футбол боюнча 2-орун (айымдар), ошондой эле шахмат боюнча 2-орун (эркектер), кыздар командасы 3-орунду ээлешти. Бишкек шаарынын командасы Спартакиадада жигердүү катышкандыгы үчүн Бишкек шаарынын командасы грамота менен сыйланды.
Комментарии