Тил келечеги улуу муундардын чыгармаларында
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата “Тил келечеги улуу муундардын чыгармаларында” изилдөө долбоорунун шаардык кароо-сынагы жалпы билим берүү уюмдарынын окутуу орус, кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептеринин 10-11-классынын окуучуларынын арасында 2019-жылдын 14-ноябрында №28 мектеп-лицейинин базасында 10.00.дө өткөрүлдү. Калыстар тобунун төрайымы Ишеналиева А.О. — Кыргыз Респубдикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы; Калыстар тобунун мүчөлөрү: Ибраимова Г.У. — КР нын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы, Ниязбекова Э.К. – Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Акматова Г.К. — Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын Билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Сагидаева С.А. – КМУУнун Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, Сапалова Ж.А. – Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси болушту.
Кароо-сынакта баш байгени №69 МГ нын окуучулары, 1-орунду №51 жана №9 МГнын окуучулары, 2-орунду №38 МГнын окуучулары, 3-орунду №31 Мгнын окуучулары жеңип алышты. Жеңүүчүлөр Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын жыйынтыктоо иш-чарасында ардак грамоталар жана белектер менен сыйланышат.
Комментарии