Урматтуу ата-энелер жана балдар! Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Компаньон банкы менен биргеликте борбордогу мектептерде накталай эмес эсептешүүлөрдүн жаңы тутумун интеграциялай баштады.

Компаньон Банкы окуучулар үчүн төлөм картасын жана уюлдук телефондор үчүн программаны иштеп чыкты.
Окуучулардын төлөм карталарын “Элкарт” төлөм картасы аркылуу жүргүзүлөт.  Бардык төлөмдөрдү көзөмөлдөө максатында “Companion” электрондук капчыгы мобилдик тиркемеси иштелип чыккан, ал аркылуу мектептеги ашканадан QR коду аркылуу тамак-ашына акча төлөй алат жана уюлдук телефондун балансын толтурууга да болот.

“Companion” электрондук капчыгын Play Маркеттен, ал эми “iphone” колдонуучулары  AppStoreдон жүктөп алса болот.

Негизги артыкчылыктары: балдардын коопсуздугу (накталай акча менен байланышпоо) мектептин ашканасында тез кызмат көрсөтүү жана накталай акчаны жоготуп алуу  коркунучун азайтуу. Эгер күтүлбөгөн жерден баланын эсебинде акча калбай калса, анда ата-эне баланын эсебине каражат которуп, же зарылчылык келип чыкса, акчанын алынышына бөгөт коё алат.

Азыр биз билим берүү уюмдарынын директорлору менен сүйлөшүү баскычында турабыз. Баштапкы этапта, долбоор бир нече мектептерде ишке ашырылат.

Кошумча маалымат: 0709 240 284 Мээрим.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!