Бүгүн, шаар мэринин милдетин аткаруучу Б.Тулбаевдин коомдук кеңешчиси Нурсултан Кубанов шаардын мектептериндеги  натыйжалуу иштебеген директорлорду иштен алууга байланыштуу билдирүү жасаган.

Белгилей кетсек, мэрия жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорун иштен кетирбейт. Коомдук кеңешчинин билдирүүсү Бишкек шаардык мэриясынын расмий позициясы эмес.

Мындан тышкары, шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө көптөгөн мектеп директорлору участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү болушкан. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо учурунда жана 6 айдын ичинде жеке макулдугусуз ротацияланышы же бошотулушу мүмкүн эмес.

Урматтуу шаардыктар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Маалыматты расмий булактардан текшерип, жалган маалымат таратпоону суранабыз. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!